Сокулук райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топтору боюнча кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык конкурс жарыялайт. Мамлекеттик жарандык кызматчыларга карата коюлуучу талаптар: – Кыргыз Республикасынын жараны болууга; – 21 жаштан жаш болбоого; – мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүү Улук топтогу административдик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1. Кесиптик билимдин деңгээли – жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгый илимдер, техникалык илимдер Иш стажы жана тажрыйбасы: – Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматынын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес 2. Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; 3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; 5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; 7. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси; 8. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси; 9. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы; 10. Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы; 11. Кыргыз Республикасынын “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы; 12. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, программалык продуктуларды колдоно билүү. Кенже топтогу административдик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1. Кесиптик билимдин деңгээли – жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгый илимдер, техникалык илимдер Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талаптар коюлбайт 2. Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; 4. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси; 5. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы; 6. Кыргыз Республикасынын “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы; 7. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы. Билгичтиги: – жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; – кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо; – жарандардын кайрылууларын жана жоопторун даярдоо; – командада иштей билүү; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, программалык продуктуларды колдоно билүү. Конкурска катышууга каалоо билдирген талапкерлер мамлекеттик «е-Kyzmat» порталындагы (https://kyzmat.gov.kg/ru) жеке кабинет аркылуу электрондук форматта арыз тапшыра алышат. Сынакка катышууга керектүү документтер: – өздүк арыз; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү жана сүрөтү менен); – өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат менен); – билими жөнүндө документтердин көчүрмөсү – нотариус аркылуу же акыркы иш ордунан күбөлөндүрүлгөн; – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болгон убакта) – нотариус аркылуу же акыркы иш ордунан күбөлөндүрүлгөн; – пасторттун көчүрмөсү. Документтер 2026-жылдын 10-февралынан 20-февралына чейин кабыл алынат: Тел: (03134) 5- 80- 40, 5-80-23. Жазуулар боюнча багыттоо Аламадүн районунун Абдыкерим Сыдыков айыл окмоту ачык конкурс жарыялайт. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Бишкек шаардык статистика башкармалыгы ачык сынак жарыялайт.