Шопоков шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде кенже кызмат тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Муниципалдык административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарынын жалпы жобосу.
Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
• Кыргыз Республикасынын жараны;
• соттуулугу жок;
• 18 жаштан кем эмес.

Кенже категориядагы административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:
Билими: кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
Жер суроолор жана муниципалдык менчик боюнча жетектөөчү адис (К-А) 1- штаттык бирдик
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, топурак таануу, картография, агрономия, агрохимия жана топурак таануу, айыл чарба, зоотехника, юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент багыттары боюнча жогорку же орто кесиптик кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Профессионалдык компетенциясы
— билүүсү талап:
1) “Кыргыз Республикасынын жер кодекси”;
2) Кыргыз Республикасынын турак жай кодекси
3) Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамы;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
жөндөмдөр:
— маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
— кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
— коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— жаңы эмгек шарттарына көнүү
көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
— компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу;

Жаштар саясаты, спорт, турак-жай коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адис (К-А), 1- штаттык бирдик1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку же орто кесиптик билим.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Иш стажысына талаптар коюлбайт.
3) Профессионалдык компетенциясы билүүсү талап:
1) Кыргыз Республикасынын “Өрт коопсуздугу жөнүндө” мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамы
3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” мыйзамы,
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө
мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жацы шарттарына адаптациялашуу;
көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкүдөй документтер тапшырылат, алар милдеттүү түрдө (Дело №) төмөнкү ырааттуулукта берилет:
• муниципалдык кызматтын тобун көрсөтүү менен жеке арыз;
• кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
• 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт;
• резюме (электрондук почтаны көрсөтүү, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
• нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
• нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болгондо);
• илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
• өмүр баян;
• паспорттун көчүрмөсү.
Сынакка катышуу үчүн бардык талапкерлер документтерин өз убагында тапшырышы керек
2025-жылдын 17-июнунан баштап 2025-жылдын 30-июнунан саат 8-30 дан 17-30 га чейин. Чүй облусу, Сокулук району, Шопоков шаары, Ленин көчөсү №21, Шопоков шаарынын мэриясынын дарегине кайрылыңыз, телефон: (0-3134) 5-81-81
Эскертүү: Бардык квалификациялык талаптардан өткөн конкурсанттар сынакка катышууга чакырылат, байланыш телефондорун көрсөтүшүңүз керек. Кабыл алынган документтер кайтарылбайт.