Сузак райондук мамлекеттик администрациясы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1- февралындагы ПЖ №24 Жарлыгына ылайык административдик мамлекеттик улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт. КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР: 1) Кенже кызмат орундары үчүн: –жогорку билим/экономика, тейлөө сферасы же техникалык багыты боюнча жогорку кесиптик билим. иш стажысына талап коюлбайт. КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ: Жалпы мыйзамдар: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы. Тиешелүү тармактагы мыйзамдар: Экономика багыты боюнча: – Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекси, «Туризм жөнүндө», «Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика» мыйзамдары КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР (атайын папкада тиркелген): – өзүнүн арызы; – өздүк баракча; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Документтер 2022-жылдын 10-августунан 26-августуна чейин кабыл алынат (эс алуу, майрам күндөрүнөн башка). Иш убактысы саат 8.30дөн 17.30гө чейин. Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат. Дареги: Жалал-Абад облусу Сузак району Сузак айылы Сатвалды-Палван көч.108 Жазуулар боюнча багыттоо Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы Базар-Коргон райондук ветеринардык башкармалыгы