БАШКЫ КЫЗМАТ ОРУНУНА

ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

 

Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим бардык профилдеги багыттар боюнча.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат  стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;

Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл:

— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын;

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— Жер кодекси, Турак жай кодекси, Кыргыз Республикасынын «Электр энергиясы жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жарандык коргоону жөнүндө» “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама  мыйзамдары.

 

адам ресурстарын башкаруу жаатында;

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

алдыга коюлган милдеттерди чечүү новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландоо;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

— Көнүмдөрү:

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдонуу;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

компютердик жана уюштуруу техникасын,зарыл болгон  программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

УЛУК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА

ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

 

            Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим;

            Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем Эмес иш стажы;

 

Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

— «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама «Мамлекеттик тил жөнүндө»;

— Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобо;

— Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө»,  «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөө», «Маданият жөнүндө» мыйзамдарын;

— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө» «Мамлекеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө» токтомун;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө» токтомун.

Билгичтиги:

Маалыматты жыйноо,талдоо,системалаштыруу жана жалпылоо;

Аналитикалык документтерди даярдоо;

Тиешелүү чөйрөдөгү  ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

Иштиктүү сүйлөшүүлөрду жүргүзүү;

Эмгектин жаңы шарттарына  адаптациялашуу;

Кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

Алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

Өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

Чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

Көнүмдөрү:

Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

Ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

Башкаруучулук чечимдерди ишке ашыруу;

Компютердик жана уюштуруу техникасын жана зарыл болгон программалык  продуктуларды колдоно билүү;

Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

Түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

Маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

Ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

Мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышууда, маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

Аналитикалык документтерди даярдоо;

Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

Эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

КЕНЖЕ  КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА

ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

             Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку же атайын орто кесиптик билим бардык профилдеги багыттар боюнча.

            Иш стажы жана тажрыйбасы:

— Стажына карата талап коюлбайт;

Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Билгичтиги:

Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын  сапаттуу аткаруу;

Документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

Кызматтык милдеттерге ылайык  өз ишин натыйжалуу пландоо;

Жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторун даярдоо;

Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

Ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

Башкаруучулук чечимдерди ишке ашыруу;

Компютердик жана уюштуруу техникасында зарыл болгон программалык  продуктуларды колдоно билүү;

Мамлекттик жана расмий тилде иштиктүү кат алышуу;

Командада иштөө;

Көнүмдөрү:

Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

Мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

Компютердик жана уюштуруу техникасында, зарыл болгон  программалык продуктуларды колдоно билүү;

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР       

                                      ТАПШЫРЫЛАТ:

Тандоого катышууну каалаган адамдар кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурстук тандоону жарыялаган мамлекеттик органга арызын жана документтерин тапшырышат.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз;

— Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги же кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

 

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2023-жылдын 05-декабрынан,                       18-декабрына чейин жүргүзүлөт.

Дареги: Жалал-Абад областы, Сузак району, Барпы айыл өкмөтүнүн имараты, жооптуу катчынын байланыш номери: 0555-74-44-73