Сузак районуна караштуу Көк-Арт айылдык өкмөтү кенже кызмат орундары боюнча кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт КЕНЖЕ КЫЗМАТ ОРУНУНА ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР: Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку же атайын орто кесиптик билим бардык профилдеги багыттар боюнча. Иш стажы жана тажрыйбасы: – Стажына карата талап коюлбайт; Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл: Негизги тест: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик тест: Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин; Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы; КӨНДҮМДӨР: Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; -компютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продукталарга (ворд,экзел) ээ болуу; БИЛГИЧТИГИ: Иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; божомолдоо, жалпылоо,мониторинг жүргүзүү,контролдоо жана аларды чечүүгө жаны ыкмаларды киргизүү; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛАТ: Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз; Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча; Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); Билими тууралуу документтин көчүрмөсү (күбөлөндүрүлгөн); нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү; нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү; илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтерди көчүрмөлөрү (бар болсо); Паспорттун көчүрмөсү; Өмүр баяны соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен; 4*6 өлчөмүндө 2 дана сүрөт. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2025-жылдын 18-апрелдин 28-апрелге чейин 10 күн ичинде кабыл алынат. Дареги: Жалал-Абад областы,Сузак району, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн имараты 3-кабинет байланыш телефону: 0778-66-30-80 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти Майлуу-Суу шаардык Дене тарбия жана спорт бөлүмү