Суу-Башы айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже администрациялык муниципалдык кадрлар резервине сынак жарыялайт:
Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим
Жоопту катчы:
— жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында)
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;
Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын билүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген“Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”;
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
(Жалпы тармак)
- Жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча — башкы адис
- Сугат, таза суу жана электр энергиясы — башкы адис
- Өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис
(Экономикалык тармак)
- Финансылык экономикалык бөлүмүнүн башчысы:
(Социалдык тармак)
Социалдык маселелер боюнча — башкы адис
Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— орто кесиптик билим же жогорку билим
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын билүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
(Жалпы тармак)
Жетектөөчү адис – иш кагаздарын жүргүзүүчү
Адис -Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору жана калкты тейлөө
Адис -Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору
Айыл башчы
(Экономикалык тармак)
Жетектөөчү адис – бухгалтер-кассир
Жетектөөчү адис – экономист – статист жана инвестиция
Адис — Салык жыйымдар боюнча
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”
- Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамдары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№ 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
— Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
— Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
- Арыз
- Резюме
- Кадрлар боюнча өздүк баракчасы.
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотаристан бекитүү керек).
- Дипломдун көчүрмөсү (нотаристан бекитүү керек).
- Квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө документтердин көчүрмөсү.
- Өмүр баян.
- Сүрөт 1 даана 4х6
- Паспорттун көчүрмөсү (конкурска келгенде паспорттун өзү көрсөтүлөт).
- Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын соттолбогондугу тууралуу справка.
Талап кылынган документтерди 2022-жылдын 25-июлуна чейин төмөндөгү дарек боюнча тапшырсаңыздар болот. 720108, Суу-Башы айыл өкмөтү, Боз-Адыр айылы, Интернационал көчөсү- 5. Байланыш телефону: 0771 26 47 73