Сыйлык сиздики, сыймык биздики!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселери боюнча укуктук камсыздоо секторунун башчысы Бакасов Султан Бакасович КР Эмгек сиңирген юристи мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланды.
Мен билгенден, Султан Бакасовичтин кызматтык жолун үчкө бөлүп карасак болот.
Алгач укук коргоо органдарында иштеп милициянын полковниги чинине жете алган болсо. Андан соң агартуучулукту аркалап нечендеген студенттердин укуктук сабатын жоюуга салым кошкон. Бир топ жылдан бери Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын укуктук колдоо, камсыздоону колго алып келет.