Сүлүктү шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы

Мамлекеттик  кызмат орундарынын улук кызмат орундарына  кадрлар резервине (башкармалыктын каржы жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна) киргизүү үчүн  2025-жылдын 29-майынан 15-июнуна чейин ачык сынак жарыялайт.

 Башкармалыктын каржы жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет.

Кесиптик билимдин деңгээли:

 жогорку билим: экономика жана башкаруу.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

Кесиптик компетентүүлүгү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды.

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы,

2.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”,

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы.

3.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы.

  1. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы.
  2. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттери жөнүндө” Мыйзамы.
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому менен бекитилген “Кыргыз Респуликасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускама;
  4. Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодекси”
  5. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы.
  6. Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы.
  7. Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын жана кепилдиктери жөнүндө”
  8. Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу” жөнүндө Мыйзамы.
  9. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө.

Сынакка катышуу үчүн документтер:

 Сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

  • Кадрларды эсепке алуу боюнча баракчасы;
  • 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;
  • Паспорттун көчүрмөсү;
  • Илими жөнүндө документ (диплом) көчүрмөсү, эмгек китепчесинин көчүрмөсү (ноториалдык жактан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн);
  • Резюме;
  • Өмүр баян, соттолбогондугу жөнүндө маалымат.

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккандан баштап 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат:

Дарек: Баткен областы, Сүлүктү шаары, Коммунальная №62

 Тел: (03653) 5-01-02

0709-84-55-20