Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын кызматкери Осмонкулов К.У.  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы  № 169 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна ылайык Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айыл өкмөтүндө аппарат кызматкерлерин аттестациялоонун аңгемелешүү этабына комиссия мүчөсү катары катышты. Аңгемелешүү этабында комиссия тарабынан, кызматчылардын аткарылган иштери жөнүндө, ээлеген кызмат ордуна ылайык келишин, кесиптик даярдыгынын деңгээлин жана карьералык өсүшүнүн келечегин аныктоо максатында бир катар суроолор берилип, чечимдер кабыл алынды.