Талас райондук мамлекеттик администрациясынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө;– административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобун ээлөөгө. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;2) 21 жаштан жаш болбоого;3) мыйзамдардабелгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө. 1) Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн (социалдык маселелер тармагы боюнча).Кесиптик билим денгээлине талаптар
–Экономика жана башкаруу, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, гуманитардык илимдер багытындагы жогорку кесиптик билим.
Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик тест үчүн төмөнкүченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Маданият жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын карамагындагы маалыматка жетүү жөнүндө” мыйзамы;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
2) Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн (социалдык маселелер тармагы боюнча):Кесиптик билим денгээлине талаптар
–Экономика жана башкаруу, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү жана гуманитардык илимдер багытындагы жогорку кесиптик билим.
Иш стажына талаптар коюлбайтНегизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:· Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттикжарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик тест үчүн төмөнкүченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
- Кыргыз Республикасынын “Маданият жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Ички миграция жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” мыйзамы;
3)Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн (уюштуруу иштери тармагы боюнча)Кесиптик билим денгээлине талаптар
Экономика жана башкаруу, юриспруденция,социалдык, гуманитардык илимдер жана техникалык багытындагы, транспорттук техника жана технология, айыл чарбасы багыттар боюнча жогорку кесиптик билими.
Иш стажына талаптар коюлбайт;Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:· Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттикжарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
- Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана анын бирикмелери жөнүндө” мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө” мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө
жобосу; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жобосу.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди 2022-жылдын 4-апрелинен тартып, 19-апрелине чейин саат 9-30 дан 17:30 га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу керек: Талас району, Көкой айылы, Манас көчөсү 99, Талас райондук мамлекеттик администрациясы. Сурап билүү телефондор: (03422) 53986, 52250,58258.