Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде административдик муниципалдык кызмат орундун улук тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Талас шаарынын мэриясынын  кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

– административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө.

 

Административдик муниципалдык  кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптар:

Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
  • Мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган же жокко чыгарылбаган соттуулугу жок;
  • муниципалдык кызмат үчүн – 18 жаштан жаш болбоого;
  • Ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка кабыл алууну жүзөгө ашырып жаткан Талас шаарынын мэриясы тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

 

Административдик муниципалдык орундун улук тобуна

 

Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

  Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”  Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат  жөнүндө” Мыйзамы;

 Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

 Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

 Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча  типтүү нускамасы.

 

Административдик муниципалдык орундун улук тобу үчүн -1 штаттык бирдик 

(Башкы адис-юрист – У-Б)

Төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Юриспруденция боюнча жогорку кесиптик билими.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

         төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы
    ПЖ №308 Жарлыгыменен бекитилгенКыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №61 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобо;
  • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”.

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) жана компьютердик программаларды (INFODOCS, Word, Excel ж.б. зарыл болгон программаларды) билүү.

билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:

Сынакка электрондук форматындагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны, ПИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү ;
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

“Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификат;

-Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.

Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер “e-Kyzmat” мамлекеттик вакансиялар порталы аркылуу https://kyzmat.gov.kg/ мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берип, өтүнмөгө электрондук форматындагы (сканерленген документтер) документтерди толук тиркеп жөнөтүшү керек.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий веб-сайтына чыккан күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде тапшырышы керек.

Эскертүү: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар сынакка катышууга киргизилбейт.

Онлайн түрүндө өтүнмө берүү жол-жобосу боюнча видеонускама менен танышуу сунушталат. Видеонускама төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү:https://youtu.be/QURPIVr6z_E

 

Байланыш телефону:(03422) 5-38-45