Талас шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде административдик муниципалдык кызмат орундун улук жана кенже тобундагы кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Талас шаарынын мэриясынын  кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

– административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө;

– административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун ээлөөгө.

 

Административдик муниципалдык  кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптар:

Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

  • Кыргыз Республикасынын жараны;
  • Мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган же жокко чыгарылбаган соттуулугу жок;
  • 18 жаштан жаш болбоого;
  • Ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка кабыл алууну жүзөгө ашырып жаткан Талас шаарынын мэриясы тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

Административдик муниципалдык улук кызмат орунуна негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча  типтүү нускамасын.

 

Административдик муниципалдык кенже кызмат орунуна негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын.

 

  1. Административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобу

(Экономика жана турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы)

 

Административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Юриспруденция, архитектура жана курулуш, энергетика жана электротехника, жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, айыл чарбасы, транспорттук техника жана технология, транспортто башкарууну жана ташууну уюштуруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, жаратылышты колдонуу жана экология, саясат таануу, тарых, математика, колдонмо математика, экономика жана башкаруу, статистика, салык жана салык салуу, банк иштери багыттары боюнча  жогорку кесиптик билими.

 

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү :

төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

 

билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

 

көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

  1. Административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобу

(Башкы адис-юрист)

 

Административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

 

  • Кесиптик билимдин деңгээли:

Юриспруденция боюнча жогорку кесиптик билими.

 

  • Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

      Кесиптик компетенттүүлүгү:

       төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы
    ПЖ №308 Жарлыгыменен бекитилгенКыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №61 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобо;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

 

билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

 

көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

  1. Административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобу

(Экономика жана турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башкы адиси)

 

Административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Юриспруденция, архитектура жана курулуш, энергетика жана электротехника, жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, айыл чарбасы, транспорттук техника жана технология, транспортто башкарууну жана ташууну уюштуруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, жаратылышты колдонуу жана экология, саясат таануу, тарых, математика, колдонмо математика, экономика жана башкаруу, статистика, салык жана салык салуу, банк иштери багыттары боюнча  жогорку кесиптик билими.

 

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

 Кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

 

билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

 

көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

  1. Административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобу

(Экономика жана турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн  жетектөөчү адиси)

 

Административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Юриспруденция, архитектура жана курулуш, энергетика жана электротехника, жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, айыл чарбасы, транспорттук техника жана технология, транспортто башкарууну жана ташууну уюштуруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, жаратылышты колдонуу жана экология, саясат таануу, тарых, математика, колдонмо математика, экономика жана башкаруу, статистика, салык жана салык салуу, банк иштери багыттары боюнча  жогорку же болбосо орто кесиптик билими.

 

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажы жана тажрыйбасы боюнча талаптар коюлбайт.

 

     Кесиптик компетенттүүлүгү:

     төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

 

билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • командада иштөө;

 

 көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер көктөмөгө

тиркелип тапшырылат:

 

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);

— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

 

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  Талас шаарынын мэриясынын расмий сайтына чыккан күндөн баштап 14 календарлык күндүн  ичинде саат 9:30 дан  17:30 га чейин тапшыруу керек.

 

Дареги: Талас шаары К.Нуржанов аллеясы №18

Байланыш  телефондору: (03422) 5-38-45; 5-23-71