Талас шаарынын мэриясы

Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде административдик муниципалдык кызмат орундун улук тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Талас шаарынын мэриясынын  кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

– административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө.

 

Административдик муниципалдык  кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптар:

Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

  • Кыргыз Республикасынын жараны;
  • Мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган же жокко чыгарылбаган соттуулугу жок;
  • 18 жаштан жаш болбоого;
  • Ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка кабыл алууну жүзөгө ашырып жаткан Талас шаарынын мэриясы тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

Административдик муниципалдык орундун улук тобуна

Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

 Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”  Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча  типтүү нускамасы.

 

Административдик муниципалдык орундун улук тобу үчүн -1 штаттык бирдик (Экономика жана турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысыУ-А)

 Төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Юриспруденция, архитектура жана курулуш, энергетика жана электротехника, жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, айыл чарбасы, транспорттук техника жана технология, транспортто башкарууну жана ташууну уюштуруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, жаратылышты колдонуу жана экология, саясат таануу, математика, колдонмо математика, экономика жана башкаруу, статистика, салык жана салык салуу, банк иштери багыттары боюнча  жогорку кесиптик билими.

 

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

       төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө: мамлекеттик жана расмий тилдерди жана компьютердик программаларды (INFODOCS, Word, Excel ж.б. зарыл болгон программаларды) билүү.

 

билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

 

көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер көктөмөгө

тиркелип тапшырылат:

 — өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);

— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

 

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  саат 9:30дан 17:30га чейин кабыл алынат. Талас шаарынын мэриясынын расмий сайтына чыккан күндөн баштап 14 календарлык күндүн  ичинде 2024-жылдын 29-июлдан тартып 2024-жылдын 12-августуна чейин тапшыруу керек.

 

Дареги: Талас шаары К.Нуржанов аллеясы №18

Байланыш  телефондору: (03422) 5-38-45; 5-23-71