Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмү жетектөөчү адис оруну үчүн ачык конкурс жарыялайт:
Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адисине -1 бирдик (М-Б)
коюлуучу квалификациялык талаптар:
1.1 Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адисине төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин денгээли:
— педагогикалык багыттагы жогорку билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
Иш стажы талаптар коюлбайт.
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
-Билим берүү тармагына тиешелүү бардык мыйзамдарды билүүсү;
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Эмгек Кодексин;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Иш-сапар чыгымдардын нормаларын белгилөө жана тартип менен ордун толтуруу жөнүндө” токтомун 26.08.2008-ж. №471;
— билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
— көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.
1.2 Документтерди кабыл алуу
Конкурс жарыялангандан баштап 10 (он) күн жумуш күнү ичинде кабыл алынат
Дареги: Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмү Таш-Көмүр шаары, Ш.Сыдыков көчөсү -22
Байланыш телефондору : 0374550207,0374550203
Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмү