Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт. Квалификациялык талаптар: Улук кызмат орундары үчүн: Бөлүмдүн башкы адиси (У-Б)- 2 шт.бирдик Кесиптик билимдин деңгээли: Жогорку билим (бакалавр, магистр)- педагогикалык, гуманитардык багыттар боюнча Иш стажы жана тажрыйбасы: Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын жалпы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес Кенже кызмат орундары үчүн: Бөлүмдүн жетектөөчү адиси (К-А)- 1 шт.бирдик Бөлүмдүн адиси (К-Б)- 1 шт.бирдик Кесиптик билимдин деңгээли: Жогорку билим (бакалавр, магистр)- педагогикалык, гуманитардык багыттар боюнча Иш стажы жана тажрыйбасы: Иш стажысына талап коюлбайт. Кесиптик компетенттүүлүгү: 1.Улук кызмат орундары үчүн: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын; ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламентөөчү мыйзамдарды Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүү; Жалпы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; КРнын Өкмөтүнүн 03.03.2020-жылдагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы” Тиешелүү тармактагы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндө” Мыйзамы Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” Мамлекеттик билим берүү стандарты; Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты; Кенже кызмат орундары үчүн: – төмөнкүлөрдү билүү Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын; ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламентөөчү мыйзамдарды Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүү; Жалпы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Коснтитуциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; КРнын Өкмөтүнүн 03.03.2020-жылдагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы” Тиешелүү тармактагы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндө” Мыйзамы Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер: Жеке арызы; Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепченин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү Паспорттун көчүрмөсү Документтерди кабыл алуу 12-апрелден 24-апрелге чейин кабыл алынат. Иш убактысы саат 08:30дан 18:00гө чейин Дареги: Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Т.Жээналиев көчөсү №31/1, Тел.: (03738) 50033, моб.: 0709777815 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникацияларминистрлигине караштуу Жерде жүрүү жана суу транспорту департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Жалал-Абад облустук статистика башкармалыгы