Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгына ылайык административдик мамлекеттик башкы, улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

  1. Башкы кызмат орундары үчүн:

— мамлекеттик муниципалдык башкаруу,

— Гуманитардык илимдер, Социалдык илимдер, Педагогикалык билим берүү, Саламаттыкты сактоо, Экономика жана башкаруу, Айыл чарбасы, Энергетика, Транспорттук техника жана технология, Архитектура жана курулуш, же юридикалык багыты боюнча жогорку билим;

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

 

2) Улук кызмат орундары үчүн:

— мамлекеттик муниципалдык башкаруу

-Экономика жана башкаруу, Айыл чарбасы, Энергетика, Транспорттук техника жана технология, Архитектура жана курулуш багыты боюнча жогорку билим.

— гуманитардык, социалдык илимдер, педагогикалык, саламаттыкты сактоо же юридикалык багыты боюнча жогорку билим.

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

3) Кенже кызмат орундары үчүн:

– мамлекеттик муниципалдык башкаруу

— Гуманитардык илимдер, Социалдык илимдер, Педагогикалык билим берүү, Саламаттыкты сактоо, Экономика жана башкаруу, Архитектура жана курулуш, юридикалык, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, табият таануу илимдери, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика   багыты боюнча жогорку билим;

— иш стажысына талап коюлбайт.

 

КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ:

  1. Башкы кызмат орундары үчүн:

Жалпы Мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнүндѳ», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө», “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”, “Маалымат алуу укугу жөнүндө”, «Коррупцияга каршы аракеттенүү жѳнүндѳ» Мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

 

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

Башкаруу багыты боюнча:

—КР «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө », “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жѳнүндѳ”, “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамдары;

— Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 29-декабры № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, “Административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тестирлөө тартиби жөнүндө” Жобо

 

Социалдык багыты боюнча:

—«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө »,  «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө», «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө», “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жѳнүндѳ”, «Маданият жөнүндө», «Билим берүү  жөнүндө»  Мыйзамдары;

 

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди жана расмий тилдерин билүү

 

  1. Улук кызмат орундары үчүн:

Жалпы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнүндѳ», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жѳнүндѳ» Мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

 

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

Экономика багыты боюнча:

—КР  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”, “Расмий статистика жөнүндө”, «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» Мыйзамдары.

 

Курулуш, өнөр-жай багыты боюнча

-КР «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жѳнүндѳ», “Автомобиль жолдору жѳнүндѳ”, “Кен жѳнүндѳ”, «Энергетика жөнүндө», “Транспорт жөнүндө” Мыйзамдары.

 

Айыл чарбасы багыты боюнча:

— КР «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жайыттар жѳнүндѳ», “Ветеринария жѳнүндѳ”, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзамдары.

 

Уюштуруу иштери боюнча

-КР «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»,  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жѳнүндѳ” Мыйзамдарын,

— КРӨ 24.07.2003-ж. №462 Токтому менен бекитилген “Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартиби” жѳнүндѳ нускама;

 

  1. Кенже кызмат орундары үчүн:

Жалпы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳ” Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

 

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

Социалдык багыты боюнча:

— Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө», «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамдары;

 

Билим берүү багыты боюнча:

— Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө», «Маданият жөнүндө» мыйзамдары.

 

Саламаттык сактоо багыты боюнча:

— Кыргыз Республикасынын «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө» Мйзамдары

 

Иш кагаздарды жүргүзүү жана уюштуруу багыты:

— Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

 

Коргонуу, тартип сактоо багыты боюнча:

КР «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», “Жарандык коргонуу жөнүндө», “Улуттук коопсуздук жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жѳнүндѳ» Мыйзамдары.

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР (атайын папкада тиркелген):
– өзүнүн арызы;

— өздүк баракча;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— сүрөт 3х4 (2 даана);

– паспорттун көчүрмөсү.

 

Документтер жарыя массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат.

Иш убактысы саат 8.30дөн 17.30гө чейин.

Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат.
Дареги: Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Тоголок Молдо көч. 53