Ж А Р Ы Я Тогуз-Торо райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, административдик мамлекеттик жарандык кызматынын улук административдик кызмат орундарына ички кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт: Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: Бөлүм башчысы-кызмат боюнча (3 штаттык бирдик) Башкы адис – кызмат боюнча (4 штаттык бирдик) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык, юридикалык Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; – Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; – Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; – Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” – КРӨнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускама; Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”; – Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”; – Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө»; – 2009-жылдын 22-декабрындагы №795 “Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды дайындоонун тартиби жөнүндө” – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө”; – Кыргыз Республикасынын “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө”; – “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” – “Калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” – “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” – Кыргыз Республикасынын «Адамдарды сатуунун алдын-алуу жана ага каршы күрөшүү» жѳнүндѳ Мыйзамдары; – Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; – Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси; – Кыргыз Республикасынын Балдар кодекси; – Төмөнкүлөрдү билүү: кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө(атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү) – маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана график түрүндө көрсөтүү, – билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу, – статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалыматты иштеп чыгуу, – жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо, – көндүмдөрү; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү Сынакка катышуу үчүн документтер: – жеке арызы; – кадрларды эсепке алуу боюнча баракча сүрөтү менен; – паспорттун кѳчүрмѳсү; – билими жѳнүндѳ документ (диплом) кѳчүрмѳсү, эмгек китепчесинин кѳчүрмѳсү, (нотариалдык жактан же иштеген жеринен күбѳлѳндүрүлгѳн) – резюме; – өмүр баян Документтерди кабыл алуу жарыя чыккандан баштап 10 жумушчу күн ичинде тѳмѳнкү дарек боюнча кабыл алынат. Жалал-Абад областы, Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Жээналиев кѳч №33/2 Тогуз-Торо райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тел: (03738) 50209 Жазуулар боюнча багыттоо Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү