Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы

муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Муниципалдык кызматчыларга карата коюлуучу жалпы квалификациялык талаптар:

1.Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

— 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

— соттуулугу жок.

Төмөнкүлөрдү билүү:

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы

Ижара боюнча жетектөөчү адис (К-А) -1 шт.бир.

Кесиптик билимдин деңгээли: юриспруденция, экономика жана башкаруу, саясат таануу, эл аралык мамилелер, архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштыруу, гуманитардык илимдер багыттарындагы жогорку билим же орто кесиптик билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптарды койбостон.

Кесиптик компетенциялар:

Билүү: Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамдары; 2011-жылдын 23-сентябры № 571 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижарага укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» типтүү жобо;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

Проекттер боюнча жетектөөчү адис

 (К-А) -1 шт.бир.

Кесиптик билимдин деңгээли: юриспруденция, экономика жана башкаруу, саясат таануу, эл аралык мамилелер, техникалык илимдер багыттарындагы жогорку билим же орто кесиптик билим.

-“товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” сертификатына ээ болуу зарыл

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптарды койбостон.

Кесиптик компетенциялар:

Билүү: Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын шаар куруусу жана архитектурасы жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамдары;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Сатып алуулар жөнүндө документацияны даярдоо боюнча

жетектөөчү адис (К-А) -1 шт.бир.

 Кесиптик билимдин деңгээли: юриспруденция, экономика жана башкаруу, саясат таануу, эл аралык мамилелер, техникалык илимдер багыттарындагы жогорку билим же орто кесиптик билим.

-“товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” сертификатына ээ болуу зарыл

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптарды койбостон.

Кесиптик компетенциялар:

Билүү: Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын шаар куруусу жана архитектурасы жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамдары;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Курулуш жана жерди пайдалануу комиссиясынын ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча жетектөөчү адис (К-А) -1 шт. бир.

Кесиптик билимдин деңгээли: юриспруденция, экономика жана башкаруу, саясат таануу, эл аралык мамилелер, архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштыруу, гуманитардык илимдер жана техникалык илимдер багыттарындагы жогорку билим же орто кесиптик билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптарды койбостон.

Кесиптик компетенциялар:

Билүү: Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамдары; 2011-жылдын 23-сентябры № 571 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижарага укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» типтүү жобо;  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген  “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобосу.

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Эсептөө боюнча адис (К-Б) -1 шт.бир.

 Кесиптик билимдин деңгээли: юриспруденция, экономика жана башкаруу, саясат таануу, эл аралык мамилелер, архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштыруу, гуманитардык илимдер багыттарындагы жогорку билим же орто кесиптик билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптарды койбостон.

Кесиптик компетенциялар:

Билүү: Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», Мыйзамдары; 2011-жылдын 23-сентябры № 571 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижарага укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» типтүү жобо;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

Кадрлар боюнча адис (К-Б) -1 шт.бир.

 Кесиптик билимдин деңгээли: юриспруденция, экономика жана башкаруу, саясат таануу, эл аралык мамилелер, гуманитардык илимдер багыттарындагы жогорку билим же орто кесиптик билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптарды койбостон.

Кесиптик компетенциялар:

Билүү: Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», Мыйзамдары; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы
ПЖ № 24 Жарлыгынын негизинде бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобосу, Кыргыз Республикасынын Президентинин
2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 25 Жарлыгынын негизинде бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө”
Жобосу;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Адис – архивариус (К-Б) -1 шт.бир.

Кесиптик билимдин деңгээли: юриспруденция, экономика жана башкаруу, саясат таануу, эл аралык мамилелер, архитектура жана курулуш, архивдөө жана документтештирүү, гуманитардык илимдер жана техникалык илимдер багыттарындагы жогорку билим же орто кесиптик билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптарды койбостон.

Кесиптик компетенциялар:

Билүү: Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтомунун негизинде бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

Көндүмдөрү:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү;

 

Документтер 2023-жылдын 07-июлунан тартып 17-июлуна чейин, Токмок ш. Ленин көч. 385, 211-каб. дарегинде кабыл алынат. Сурап билүү тел.: (03138) 3-26-40