Башкы кызмат орундары үчүн:

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында)

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

      Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”

 

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдары
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы N 517 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

 

Билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

 

 

Улук кызмат орундары үчүн:

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим; Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика багыттары боюнча.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
  • Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

– Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

 

Тийиштүү документтер:

 

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен),

-өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

Документтер жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү даректе кабыл алынат.

 

Дареги: Токтогул району Үч -Терек айыл өкмөтү Үч -Терек айылы,                     А.Жээналиев көчөсү  №32, Үч –Терек айыл өкмөтүнүн  кеңсеси.

Кошумча маалымат алуу үчүн телефон: 0700527296, 0770682248