Тон районунун Көл-Төр айыл өкмөтүндөгү семинар
2022-жылдын 26-июлунда Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймак аралык башкармалыгынын башкы адиси Э.Мокешова Ысык-Көл облусунун Тон районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн базасында Тон районунун айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчыларынын жана Тон райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Н.Төлөнгутова, райондук мамлекеттик администрациясынын иш-кагаздар менен иштөө секторунун башчысы С.Турсунованын катышуусунда мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө, мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациялоо, ротация, класстык чендерди ыйгаруу жоболору жана Е-кызмат автоматташтырылган системасынын иштетүүдөгү көйгөйлөр боюнча окутуу семинарында түшүндүрүү иштерин өткөрдү. Семинардын жүрүшүндө бир катар суроолорго жооптор берилди.