Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
- Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
- Соттуулугу жок;
- 18 жаштан жаш болбоого;
- Мыйзамда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
Улахол айыл өкмөтүндөгү башкы кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар. (Б-Б. 1штаттык бирдик).
1) кесиптик билимдин деңгээли:
-тийиштүү багыттагы жогорку билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы;
-жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажысы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы:
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзам актылары:
- 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөгү” мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодексин”
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” ;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” ;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” ;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” ;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Электрондук башкаруу жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Улахол айыл өкмөтүндөгү улук кызмат (айыл чарба, социалдык жана экономикалык блок) орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар. (У-А, У-Б. 4 штаттык бирдик).
1) кесиптик билимдин деңгээли:
-тийиштүү багыттагы жогорку билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы;
-жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажысы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы:
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзам актылары:
- 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” ;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” ;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Электрондук башкаруу жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Улахол айыл өкмөтүндөгү кенже кызмат (гуманитардык) орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар. (К-А, К-Б. 3 штаттык бирдик).
1) кесиптик билимдин деңгээли:
-тийиштүү багыттагы жогорку же орто кесиптик билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы;
-иш стажына талап коюлбайт:
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзам актылары:
- 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Электрондук башкаруу жөнүндө”;
Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды айыл өкмөтүнун башчысынын орун басары-жооптуу катчысынан 07070655365 телефонуна кайрылып алсаңыздар болот.:
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
— билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт).
Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмгө көктөп, Документтер сайтка жарыяланган күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде Улахол айыл аймагында кабыл алынат. Дареги: Кара-Талаа айылы, Р.Ажыбаева көчөсү № 7.
Сынакка документтер 2025-жылдын 31-июлунан 9-августуна чейин кабыл алынат.
Кошумча маалымат үчүн (0 39 47) 6-00-19, 0707655365 телефондоруна кайрылыңыздар.