Тѳрт-Күл айыл өкмөтүнүн башкы кызмат ордундарына коюлуучу квалификациялык талаптар ( Б-Б) (1 штаттык бирдик)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку билим

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;

 

Тѳрт-Күл айыл өкмөтүнүн улук кызмат (экономикалык блок) ордундарына  коюлуучу квалификациялык  талаптар (У-А,У-Б) (3 штаттык бирдик)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

    Тѳрт-Күл айыл өкмөтүнүн улук кызмат (жер адис жана айыл чарба )  ордундарына  коюлуучу квалификациялык  талаптар (У-Б) (2 штаттык бирдик)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

Тѳрт-Күл айыл өкмөтүнүн кенже кызмат (экономикалык блок) ордундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А)   (1 штаттык бирдик)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

Тѳрт-Күл айыл өкмөтүнүн кенже кызмат (гуманитардык блок) ордундарына коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А, К-Б, М-Б)  (7 штаттык бирдик)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

Сынакка катышуу үчүн тɵмɵндɵгү документтер талап кылынат:

-конкурстук комиссиянын тɵрагасынын атына жазылган жеке арызы;

-кадырларды каттоо баракчасы;

-3х4 ɵлчɵмүндɵгү 4 даана сүрɵт;

-паспорттун кɵчүрмɵсү (туп нускасы сынакка келгенде кɵрсɵтүлɵт);

— билими (нотариустан күбɵлɵндүрүлүшү керек)-эмгек китепчеси (нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбɵлɵндүрүлүшү керек);

 

Документтер массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндɵн тартып 10 жумушчу күнгɵ чейин Тɵрт-Күл айыл ɵкмɵту, Тɵрт-Күл айылы, Молдогазы кɵчɵсү №15 дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс ɵтɵ турган күн талапкерге кошумча берилет.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн тɵмɵндɵгү телефондорго кайрылыныздар:

 

(0-3947) 6-04-20  жана 0703371477