(Экономика, регионду өнүктүрүү, инвестициялар, туризм, реалдуу секторунун
башчысы)
Улук кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (табият таануу, гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, тейлөө сферасы, автоматаштыруу жана башкаруу, архитектура жана курулуш, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар )
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзам актылары:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама».
Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле: Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик статистика жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, , Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекетик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл.
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
— билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана
практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
-формага ылайык кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча сүрөтү тиркелген;
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, сайтка жарыяланган күндөн 2024-жылдын 15-апрелинен тартып 2024-жылдын 10-майына, саат 17:00 го чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:
Түп айылы, Боромбай көчөсү, 53.
тел. 2-43-85, 0701123178, 0708926552