(Экономика, регионду өнүктүрүү, инвестициялар, туризм, реалдуу  секторунун

башчысы)

 

Улук  кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (табият таануу, гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, тейлөө сферасы, автоматаштыруу жана башкаруу, архитектура жана курулуш, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар )

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзам актылары:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын   “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
  4. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;
  5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама».

Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле: Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик статистика жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, , Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекетик сатып алуулар  жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл.

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— аналитикалык документтерди даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана

практикада колдонуу;

— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

 

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

-формага ылайык кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча сүрөтү тиркелген;

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

– паспорттун көчүрмөсү.

Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, сайтка жарыяланган күндөн 2024-жылдын  15-апрелинен  тартып 2024-жылдын 10-майына,  саат 17:00 го  чейин  төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Түп айылы, Боромбай  көчөсү, 53.

тел. 2-43-85, 0701123178, 0708926552