(Экономика, регионду өнүктүрүү, инвестициялар, туризм, реалдуу секторунун адиси-юрист) Кенже кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (юриспруденция) 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзам актылары: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама». Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле: Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексин” билүүсү зарыл. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – билгичтиги: – жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; -документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кызматтык милдетерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; -жарандардын карылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; -мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; – командада иштөө; – көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: -формага ылайык кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча сүрөтү тиркелген; – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү; – паспорттун көчүрмөсү. Сынакка катышуу үчүн баардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, сайтка жарыяланган күндөн 2024-жылдын 16-июлунан тартып 2024-жылдын 31-июлуна, саат 17:00 го чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Түп айылы, Боромбай көчөсү, 53. тел. 2-43-85, 0701123178, 0708926552 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурс жарыялайт: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын, Жети-Өгүз райондук ветеринардык башкармалыгы