Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы ваканттык орунга жана административдик кызмат ордуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт Ваканттык орун: Социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнө Адис (К-Б) Кадрлар резервине: Социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнө Адис (К-Б) Кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар: Кесиптик билим деңгээли: Жогорку билим; гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педогогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер. Иш стажы жана тажрыйбасы: Иш стажына талаптарды койбостон; Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдөмамлекеттик жана/же расмий тилдери; Билгичтиги: жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди,маалыматтарды, суроо-талаптарга жооптордусапаттуу даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүүкат алышуу; командада иштөө: Көндүмдөрү: Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчүмыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодекси; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы. Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: – Жеке арызы, резюме, өмүр баян – Кадрларды эсепке алуу баракчасы – Өздүк таржымал (соттолбогондугу бар же жок экендиги ж-ө маалыматты көрсөтүү менен) – 3*4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт – Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт) – Билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмө нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек) – Эгерде эмгек китепчеси болсо анын көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек – кошумча билиминин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтер, окумуштуулук наамы болсо көчүрмөсү Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипте жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт Талапкерлерден документтер 2025-жылдын 14-июлунан 25-июлуна чейин Түп айылы Элебаев көчөсү №62 дарегинде кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү тел. кайрылыңыздар (03922) 2-45-53, 0502683298 Жазуулар боюнча багыттоо Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык кызматынын орунуна ачык сынак жарыялайт: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы, административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топтору боюнча ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт