Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштурууну ишке ашыруу максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүргүзүп жаткан ишмердигине мониторинг жасалды. Агенттиктин иш планынын негизинде, түштүк аймактар аралык башкармалыктын башчысы С.Н. Туйгунова баштаган кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ынтымак, Айры-Там, Ала-Бука жана Т.Балтагулов айыл өкмөттөрүнө 2024-жылдын 13-14-июнь күндөрү мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг жүргүзүү менен бирге түшүндүрүү иштери аткарылып, жакындан усулдук жардам берилди. Жазуулар боюнча багыттоо Кудайберген Базарбаев “Укук булагы” долбоорунун жетекчиси Альфред Уитни Хьюстон мырза менен кызматташуу боюнча мемарандумга кол коюшту Айыл өкмөт башчылар окууда