Улуттук кадрлар резервинин катары толукталууда

        Мурда маалымдаганыбыздай, 2021-жылдын 22-июлунда Мамлекеттик кадр кызматында Улуттук кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер менен конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда кезектеги аңгемелешүү өткөрүлдү. Отузга чукул талапкерлер конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн берген суроолоруна жооп беришти. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен 29 талапкер Улуттук кадрлар резервине кабыл алынды.

         Ошону менен бирге, Улуттук кадрлар резервинин 2021-жылдын 26-июлуна карата маалымат боюнча, 315 резервист катарын толуктайт. Алардын 193 жогорку административдик кызмат орундарына (мамлекеттик органдардагы статс-катчы, аппарат жетекчиси), 122 башкы административдик кызмат орундарына (мамлекеттик органдардагы бөлүм башчысы, башкармалыгынын  башчысы).

         Конкурстук комиссиянын курамында КР Президентинин Администрациясынын, Мамлекеттик кадр кызматынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү бар. Конкурстук комиссияны Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев жетектейт. Улуттук кадрлар резервине киргизүү боюнча конкурс туруктуу негизде жүргүзүлөт.

         Маалымат иретинде: Улуттук резерв – мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.
         Мыйзамга ылайык, жогорку жана башкы кызмат орундарына кадрларды алууда, дайындоо Улуттук жана ички кадрлар резервдеринин катарынан жүргүзүлөт.

 

          КР Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы