Чаткал райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 ПЖ “ Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө ” Жарлыгына ылайык, административдик кызмат орундарынын улук топтогу кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак жарыялайт. КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР: Улук кызмат орундары үчүн: – гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер багыты боюнча жогорку билим. – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ: Улук кызмат орундары үчүн: Жалпы мыйзамдар: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик багыты боюнча: 1)Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы: 2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Мыйзамы: 3) Кыргыз Республикасынын “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Мыйзамы: 4) Кыргыз Республикасынын “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө” Мыйзамы: 5) Кыргыз Республикасынын “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” Мыйзамы: КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР e-Kyzmat автоматташтырылган маалымат системасынын https://kyzmat.gov.kg/ порталындагы “Жеке кабинет” аркылуу тапшырылат: – өзүнүн арызы; – өздүк баракча; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – жогорку билими жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтер; – эмгек китепчеси; – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтер; – паспорт. – 4х6 өлчөмүндө 2 даана сүрөт. Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 5-мартынан 16-мартына чейин кабыл алынат. Сынак өткөрүү орду жана убактысы жөнүндө кошумча маалымат берилет. Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат. Дареги: Чаткал району, Каныш-Кыя айылы , С.Кубатбеков көчөсү №15 Сурап билүү тел: (03749)6-00-49, 0755690107. 0778130433 Жазуулар боюнча багыттоо Кеңеш айыл өкмөтү Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтү