Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик
Дареги: Бишкек шаары, Чүй пр. 122, тел.: 62-04-05, Факс 62-03-10, Ишеним телефону: 66-03-39, WhatsApp 0990774430. Email: gagsmsu@gmail.com
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарына талапкерлерге мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүсүнө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси бекитилди.
Бул тизме жалпы мыйзамдарды билүү үчүн компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө милдеттүү болуп саналат.
Ошентип, жалпы мыйзамдарды билүү үчүн компьютердик тестирлөөнү өткөрүүдө тийиштүү кызмат орундарынын топтору үчүн көрсөтүлгөн ЧУА тизмегиндеги тесттик суроолор киргизилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды (жалпы мыйзамдарды билүү) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды (жалпы мыйзамдарды билүү) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды (жалпы мыйзамдарды билүү) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
Предметтик мыйзамдар боюнча маселелер ар бир мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан сунушталган ченемдик укуктук актылардын тизмесинин негизинде түзүлөт жана жалпы мыйзамдарды билүүгө карата ченемдик укуктук актылардын тизмесин кайталабоого тийиш.