Уюштуруу маселелери жана иш кагаздарын алып баруучу жетектөөчү адис административдик муниципалдык кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А) 1.Кесиптик билимдин денгээли: -тийиштүү багыттагы жогорку же орто кесиптик билим (табият таааааануу илимдери: биология, гуманитардык илимдер: юриспруденция, социалдык илимдер:социалдык иштер педагогикалык багыттар боюнча, экономика жана башкаруу:экономика) 2.Иш стажы жана тажрыйбасы: -иш стажы талап кылынбайт. 3.Кесиптик компетенциялары: төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзам актылары: 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 2.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын. Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө», Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускамасын билүүсү зарыл. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана же расмий тилдерди билүү. Сынакка катышууга төмөндөгү документтер талап кылынат: –конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы; -кадрлардын каттоо баракчасы; -3х4өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт; -паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт) -билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек); -эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек); -соттолбогондугу жөнүндө аныктама; -өмүр баян; -резюме Документтери массалык-маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10(он)календардык күндүн ичинде төмөндөгү даректе кабыл алынат: Чолпон-Ата шаары Совет көчөсү 75, Чолпон-Ата шаардык кеңеши Телефон (03943) 4-31-61 жана 0702605024 Жазуулар боюнча багыттоо Тоӊ районунун Ак-Терек айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде улук жана кенже топтогу кызмат орундарына ички кадрлар резервине киргизүү үчүн Балыкчы шаарынын мэриясынын улук кызмат ордуна кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык кызматынын орунуна ачык сынак жарыялайт: