Башкы адиси-юрист муниципалдык административдик  кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык багыттар боюнча);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү — төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы 5-мая 2021-ж. Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды; Кыргыз Республикасынын  Жарандык, кылмыш-жаза, Турак Жай кодексин, Жер кодексин.

 

Билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

—    эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

 

            Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Конкурска катышууга керектүү документтер:

  • жеке арыз, кадрлар эсепке алуу баракчасы, өмүр баян көрсөтүү менен резюме, фото сүрөт;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • тиешелүү адистик боюнча жогорку билимин, иш стажы жана квалификациясын аныктаган документтер (нотариалдык жактан же иштеген жери боюнча персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, жогорку билими жөнүндө квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин, окумуштуулук наамы тууралуу дипломдорунун көчүрмөсү);
  • жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

 

Талапкерлерден конкурска катышуу үчүн документтер 2025-жылдын 10-мартынан  21-мартына чейин Чолпон-Ата шаарынын Совет көчөсү №75д дарегинде кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды, талаптарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар   (0-3943) 4-35-04 жана (0559) 533339.