Башкы адиси-юрист административдик муниципалдык кызмат ордуна коюлучу квалификациялык талаптар (Б-А)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык багыттар боюнча);

— мамлекеттик же муницалдык кызматта 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси», «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө»,

«Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө»,

«Жайыттар жөнүндө“,

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген

“Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” Жобо,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177-токтому менен бекитилген

“Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону билүүсү зарыл.

— Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майы № 67 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы.

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

Билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • доо арыздарды, аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

 

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
  • Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Муниципалдык менчикти башкаруудагы киреше боюнча адис административдик муниципалдык кызмат ордуна коюлучу квалификациялык талаптар (К-А)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы жогорку билими (экономикалык, финансы кредит, салык жана салык салуу, бухгалтердик эсеп жана аудит багыттары боюнча)

— иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

-Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”,

Кыргыз Республикасынын “Салык” жана “Салык эмес” кирешелери жөнүндө”,

Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук жөнүндө”,

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген

“Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шартары жөнүндө типтүү жобону бекитүү туралу” Жобо”

—           Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы №67 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы.

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

—    эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

            Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү,

мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Муниципалдык менчикти башкаруудагы мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис административдик муниципалдык кызмат ордуна коюлучу квалификациялык талаптар (К-А)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы жогорку билими (экономикалык, финансы кредит, мамлекеттик сатып алуулар боюнча)

— иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

“Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексин”,

“Кыргыз Республикасынын инвестициялары жөнүндө”,

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар” мыйзамдарын,

“Бухгалтердик эсеп жөнүндө”

“Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү ТАРТИБИ” жөнүндө токтому;

  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

—    эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

            Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын,

жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

Конкурска катышууга керектүү документтер:

  • жеке арыз, кадрлар эсепке алуу баракчасы, өмүр баян көрсөтүү менен резюме, фото сүрөт;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • тиешелүү адистик боюнча жогорку билимин, иш стажы жана квалификациясын аныктаган документтер
  • (нотариалдык жактан же иштеген жери боюнча персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин,
  • жогорку билими жөнүндө квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин, окумуштуулук наамы тууралуу дипломдорунун көчүрмөсү);
  • жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

 

Талапкерлерден конкурска катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 1-ноябрынан 15-ноябрына чейин

Чолпон-Ата шаарынын Совет көчөсү №75д дарегинде кабыл алынат.

Кошумча маалыматтарды, талаптарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар   (0-3943) 4-35-04 жана (0559) 533339.