1) кесиптик билимдин деңгээли: – тиешелүү багыттагы жогорку билим (экономика жана башкаруу: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономика; бухгалтердик эсеп жана аудит, гуманитардык илимдер: политология, юриспруденция; педагогикалык билим берүү: педагогика ) 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарын; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы. – Сатып алуулар боюнча каржы министрлиги тарабынан берилген сертификаттын болушу абзел; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – билгичтиги: – кезектеги финансылык жылга же пландоонун башка мезгилине карата мамлекеттик сатып алуулардын натуралай жана акчалай көрсөтүлгөн планын иштеп чыгуу. – сатып алынуучу товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата баалардын мониторингин жүргүзүүнү ишке ашыруу маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү. Жарыя чыккан кундон баштап 10 (он) календардык кундун ичинде документ кабыл алынат. Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Чолпон-Ата ш. Совет көчүрмөсү 75. Кошумча маалыматты Чолпон-Ата шаардык мэриясынан алса болот (жалпы бөлүм), тел.0394342216 Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат. Атк.:Муканова Ж.Ж, 0509770418 Жазуулар боюнча багыттоо Тоң району Күн-Чыгыш айыл Өкмөтү мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн, ачык сынак жарыялайт. Жети-өгүз райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, мамлекеттик кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.