Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын Чоң-Алай райондук ветеринардык башкармалыгынын ички резерв кадырына конкурс жарыялап берүүңүздү суранабыз.
Чоң-Алай райондук ветеринардык башкармалыгынын мамлекеттик жарандык кызматынын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине
(1 бош орун).
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- 2020-жылдын 3-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— Компьютер жана мобилдик шаймандар менен, компьютердик жана социалдык тармактарда иштей билүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын колдоно билүү;
Ветеринария багыты боюнча административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:
- Кесиптик билим деңгээли:
— ветеринария багыты боюнча «айыл чарба» тармагындагы жогорку кесиптик билим.
- Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талап кылынбайт
- Кесиптик компетенциялар:
Билим:
- Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө»Мыйзамы;
- «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынуучу азыктарды идентификациялоо жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому: «ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» 2018-жылдын 29-январындагы № 56 токтому.
Билгичтик:
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу.
Көндүмдөр:
— ишкердик жазуу көндүмдөрү;
— белгилүү бир чөйрөдөгү ишти талдоо жана болжолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
— ишкер байланыш ыкмаларын билүү жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү;
— компьютерди, ошондой эле керектүү программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
— жеке арыз;
— сүрөт менен кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолбогондугу тууралу маалыматтарды көрсөтүү менен);
— акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— Дипломдун кочурмосу ( мамлекеттик нотариус аркылуу куболонтурулгон );
— паспорттун көчүрмөсү;
— ден-соолук жөнүндө справка;
Конкурска катышуучулардын документтери жарыя берилген күндөн баштап он жумуш күн ичинде Чоң-Алай райондук ветеринардык башкармалыгынын имаратында кабыл алынат.
- 723700. Кыргыз Республикасы. Ош областы Чоң-Алай району Дароот-Коргон а., Сулайманов к. 48
Тел-факс: (03237) 2-20-45
e-mail: chon-alai.ruvfb@mail.ru