Чоң-Алай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы ички кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт. Административдик улук (У-А) топтогу Жөлөк пулдар, үй бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Кесиптик билим деңгээли: жогорку билим: гуманитардык, социалдык, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый жана техникалык илимдер. Эмгек стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламентөөчү мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын Үй бүлө кодекси; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы. кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди; Билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; Көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; компьютерди жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Жазуулар боюнча багыттоо Ош облусунун Өзгөн районунун Чаңгет айыл өкмөтү Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтү