Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл өкмөтү
административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрдык резервге
киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.
Административдик муниципалдык кызмат орундарына жалпы
квалификациялык талаптар:
— Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
— кеминде 18 жашта болуу
— квалификациялык талаптарга жооп берүүгө
— соттуулугу жок
— Жалпы мыйзамдарды билүү:
Башкы административдик кызматтар үчүн
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө
3.Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси
4.Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө
5.Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө
6.Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө
7.Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө
8. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү
өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү
жөнүндө
9. Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө
10.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
типтүү нускама
Улук административдик кызматтар үчүн
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы
2.Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө
3.Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө
4.Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө
5. Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө
6.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
типтүү нускама
Кенже административдик кызматтар үчүн.
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы
2.Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө
Башкы топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык
кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар
белгиленет:
Башчынын орун басары– 1 бирдик
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3
жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем
эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын,
ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү
мыйзамдарды — Кыргыз Республикасынын мыйзамы «Жергиликтүү
мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары жөнүндө»; “Кыргыз Республикасынын администрациялыкаймактык түзүлүшү туралуу”;“ Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын
статусу жөнүндө”.
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик
жана расмий тилдерди.
Жоопту катчы-1 бирдик
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3
жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем
эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын,
ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү
мыйзамдарды — Кыргыз Республикасынын мыйзамы «Жергиликтүү
мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык
кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби
жөнүндө ЖОБО ; Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана
муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс
өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана
муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО;
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик
жана расмий тилдерди.
Улук топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык
кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар
белгиленет:
Финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы-1 бирдик
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1
жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем
эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын,
ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү
мыйзамдарды- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; Мамлекеттик
сатып алуулар жөнүндө ;Бухгалтердик эсеп жөнүндө;
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик
жана/же расмий тилдерди билүү.
Башкы адис-эсеп бухгалтери-1 бирдик
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1
жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем
эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын,
ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү
мыйзамдарды- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; Кыргыз
Республикасынын Эмгек кодекси; Бухгалтердик эсеп жөнүндө;
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик
жана/же расмий тилдерди билүү.
Социалдык коргоо боюнча башкы адис-1 бирдик
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1
жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем
эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын,
ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү
мыйзамдарды- Кыргыз Республикасынын балдар жөнундө кодекси ; Кыргыз
Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө ; Ден соолугунун
мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери
жөнүндө:
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик
жана/же расмий тилдерди билүү.
Кенже топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык
кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар
белгиленет:
Салык боюнча жетектөөчү адис – 1 бирдик.
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку же орто кесиптик билими
2) стажы жана иш стажы:
— иш стажы боюнча талап жок;
3) кесиптик компетенциялар:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын;
ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү
мыйзамдарды- Кыргыз Республикасынын салык Kодексин ; «Жергиликтүү
мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары жөнүндө» ; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби
жөнүндө» ;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик
жана/же расмий тилдерди.
ВУС инспектору (М-Б) -2 бирдик
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку же орто кесиптик билими
2) стажы жана иш стажы:
— иш стажы боюнча талап жок;
3) кесиптик компетенциялар:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын,
ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү
мыйзамдарды — «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» ; «Жалпыга бирдей аскердик
милдет, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» ; «Коррупцияга
каршы аракеттенүү жөнүндө».
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик
жана/же расмий тилдер;
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
— бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу
бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана
кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек
китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө
документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү.
Документтер 2023-жылдын 25-октябрындагы 10-ноябрына чейин саат 9-00дөн
17-00гө чейин кабыл алынат.
Сынакка катышуу үчүн документтер Аламүдүн айыл өкмөтүнө, Аламүдүн
району, Аламүдүн айылы, Набережная көч., 300а дареги боюнча милдеттүү
түрдө тапшырылат. Телефон 48-41-68.
Бардык квалификациялык талаптардан өткөн конкурсанттар сынакка
катышууга чакырылат, байланыш телефондорун көрсөтүшүңүз керек.
Кабыл алынган документтер кайтарылбайт.