Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтү административдик муниципалдык кызмат орундары боюнча ачык конкурс жарыялайт: Муниципалдык административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарынын жалпы жобосу 1. Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш: • Кыргыз Республикасынын жараны; • соттуулугу жок; • 18 жаштан кем эмес. Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы; 3. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; 4. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актылары жөнүндө» Мыйзамы; 5. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча» типтүү нускама. Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы; Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөндөгү типтүү квалификациалык талаптар белгиленет Жер маселеси боюнча башкы адис (У-Б) – 1 шт.бирдик 1.Кесиптик билим деңгээли: — төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку кесиптик билими: геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, жер таануу (почвоведение), топурак таануу, агрономия, агрохимия жана агротопурак таануу, картография, юриспруденция 2. Стажы жана иш тажрыйбасы: • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3. Профессионалдык компетенциялар: Билим: • төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: • Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; • Кыргыз Республикасынын Жер кодексин; • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Суу кодексин”; • Кыргыз Республикасынын Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө Мыйзамы; • Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Мыйзамы; • «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; • Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» токтому билүүсү зарыл. • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; Билгичтиги: • өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик тилди билүү; • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; • аналитикалык документтерди даярдоо; • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; • эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; Көндүмдөрү: • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөндөгү типтүү квалификациалык талаптар белгиленет Өзгөчө кырдаалдар жан пробация боюнча адис (К-А)– 1 шт.бирдик 1. Кесиптик билим деңгээли: -2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодексин; Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин; Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө” Мыйзамы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Мыйзамы; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; • билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; административдик тартип бузуулар менен иштөө; экологиялык бузуулар; үй-бүлөлүк зомбулук; диний радикализм криминогендик кырдаалды көзөмөлдөө; пробация; жер мыйзамдарынын сактылышы; санитардык эпидемиологиялык мыйзамдардын ченемдеринин сакталышы; • көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү Катышуу үчүн төмөнкүдөй документтер тапшырылат, алар милдеттүү түрдө (Дело №) төмөнкү ырааттуулукта берилет: • муниципалдык кызматтын тобун көрсөтүү менен жеке арыз; • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), резюме (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); • нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү; • нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болгондо); • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); • паспорттун көчүрмөсү. Сынакка катышуу үчүн бардык талапкерлер документтерин өз убагында тапшырышы керек 2024-жылдын 3- декабрынан 13 декабрына чейин саат 17-30га чейин. Чүй облусу, Аламүдүн району, Кара-Жыгач айылы, Фрунзе көчөсү №83, Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн дарегине кайрылыңыз, телефон: 0312 422403 моб. 0701 690 900 Эскертүү: Бардык квалификациялык талаптардан өткөн конкурсанттар сынакка катышууга чакырылат, байланыш телефондорун көрсөтүшүңүз керек. Кабыл алынган документтер кайтарылбайт. Жазуулар боюнча багыттоо Чүй райондор аралык эмгек, социалдык кымсыздоо жана миграция башкармалыгы Кемин районунун Чым-Коргон айыл өкмөтү