Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтү муниципалдык кызмат орундарынын төмөнкү топторуна Лебединовка  айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине кабыл алуу үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт:

Лебединовка айыл өкмөтүнүн кадрдык резервине кирүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) 18 жаштан кем эмес;

3) кадрлардын резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө.

Муниципалдык кызматтын административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук топторуна:

1) административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобуна:       

кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку  билим

 стажы жана иш стажы:

— мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

Кесиптик компетенциялар:

билүүсү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
  4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
  5. «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама.

БАШКЫ АДИС ЮРИСТ (С-Б) – 1 ШТАТТЫК БИРДИК

— жогорку юридикалык билим

Билүүсү

— Кыргыз Республикасынын Жалпы мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин, “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексин, , “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсү

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

жөндөмдөр:

маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

жаңы эмгек шарттарына көнүү

көндүмдөр:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;

компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— жеке арыз;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен),  автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин нотариус тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

— нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— паспорттун көчүрмөсү.

Эскертүү: Ачык конкурска  катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга жооп берген талапкерлер  гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так болушу керек.

Документтерди кабыл алуу,  кулактандыруу Лебединовка айыл өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин веб сайттарында жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде, 2023-жылдын 04-июлунан баштап 17-июлуна чейин   Чүй областы, Аламүдүн району, Лебединовка айылы, Победа проспектиси № 121А дарегинде жайгашкан,  Лебединовский айыл өкмөтүнүн административдик  имаратында кабыл алынат Тел: 0312 603285