Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябры № 125Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 10, 12-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралы ПЖ № 24 Жарлыгы менен бекитилгенКыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жобосуна ылайык башкы, улук жана кенже административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрдык резервге киргизүү үчүн 2023-жылдын 30-августунан  14-сентябрына чейин  ачык сынак жарыялайт.

Административдик муниципалдык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

— Кыргыз Республикасынын жараны болуусу;

— жаш курагы 18 жаштан өйдө;

— квалификациялык талаптарга жооп берүүгө;

— соттолгон эмес;

Төмөнкүлөрдү билүү:

Башкы административдик кызматтар үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.

2.“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” КР Конституциялык Мыйзамы.

3.Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси

4.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы.

5.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы.

6.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы.

7.Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы.

  1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы.

9.Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы.

10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”.

Улук административдик кызматтар үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы

2.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы

3.Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы

  1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы
  2. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы.
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”.

Кенже административдик кызматтар үчүн:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы

  1. Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы.

 Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

Жооптуу катчы-1 бирдик (Б-Б)

1) кесиптик билим деңгээли:

—  жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

-төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»Мыйзамы,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө Жобо; Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө Жобо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо;

  • адам ресурстарын башкаруу жаатында;
  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

Финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы-1 бирдик (У-А)

1) кесиптик билим деңгээли:

— экономика жана башкаруу, финансылык, салык жана салык салуу  багыттагы жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси; “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”; “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынынмыйзамдары;кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Социалдык маселелер боюнча башкы  адиси-1 бирдик (У-Б)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— социалдык коргоо, гуманитардык, экономикалык  жана башкаруу багыттагы жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелуу кесиптик чойродо 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

2012-жылдын 10-июлундагы №100 “Кыргыз Республикасынын балдар жөнундө “ Кодекси;  Кыргыз Респубуликасынын 2017-жылдын 28-июлу № 163“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” Мыйзамы, 2008-жылдын 03-апрелиндеги №38 “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы, кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

Жер маселелери боюнча башкы адиси-1 бирдик (У-Б)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

—  геодезия жана жер башкаруу,архитектура жана курулуш, топурак таану, картография, агрономия, агрохимия жана агротопурак илими, экономика жана финансы, юридикалык багытындагы жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштуу кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Респубуликасынын Жер Кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу
Типтүү Жобо,кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

Башкы адис бухгалтер –кассир -1 бирдик (У-Б)

1) кесиптик билим деңгээли:

— экономика жана башкаруу, финансылык, салык жана салык салуу  багыттагы жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси; “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”; “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Кенже топтогу административдик  муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

Статист-экономист жетектөөчү адиси – 1 бирдик (К-А)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку же орто кесиптик билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— стажга талаптар коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

-Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгы, КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 «Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө» токтому, кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Киреше боюнча жетектөөчү адис (К-А) – 1 бирдик.

1) кесиптик билимдин деңгээли:— жогорку же орто кесиптик билимиэкономика, финансылык, юридикалык, салык жана салык салуу багытындагы  билим;2) стажы жана иш стажы:— иш стажы боюнча талап жок;3) кесиптик компетенциялар:төмөнкүлөрдү билүү:            Кыргыз Республикасынын Салык Kодексин, КР Мыйзамы “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”,«Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы, кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

 Инвестиция тартуу боюнча  адиси – 1 бирдик (К-Б)

1) кесиптик билимдин деңгээли:     

—   социалдык өнүктүрүү, экономика жана башкаруу, финансылык,  юридикалык, гуманитардык  багытындагы жогорку же орто кесиптик билими;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажы боюнча талап жок;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын ”Сатып алуу жөнүндө” мыйзамы, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамы,кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

                Иш кагаздарды жүргүзүүчү адиси – 1 бирдик (К-Б)

1) кесиптик билимдин деңгээли:    

—   жогорку же орто кесиптик билими;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажы боюнча талап жок;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

-Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жонундо” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Кыргыз Республикасынын “ архив фонду жөнүндө” Мыйзамы.

                      Аскерге каттоо инспектору – 1 бирдик (К-Б)

1) кесиптик билимдин деңгээли:    

—   жогорку же орто кесиптик билими;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажы боюнча талап жок;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын “Жалпыга бирдей аскердик милдет, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө»,«Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдер.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

— бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арызы;

— сүрөтү бар кадрларды эсепке алуунун жеке баракчасы;

— байланыш маалыматтары менен резюме;

— автобиография;

— паспорттун көчүрмөсү;

Нотариустан күбөлөндүрүлгөн:

— эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

— аскердик билеттин көчүрмөсү;

— билими боюнча документтер.

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Документтер 2023-жылдын 30-августунан 14-сентябрына чейин саат 08-30дан 17-30га чейин кабыл алынат.Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 10 календардык иш күндөрүнүн ичинде төмөндөгү  дарекке тапшыруу керек.

Сынакка катышуу үчүн документтер Жайыл району, Сосновка айыл өкмөтү, Сосновка айылы, Фрунзе көч.,№ 81 дареги боюнча милдеттүү түрдө тапшырылат. Телефон: 0707 806700. Бардык квалификациялык талаптардан өткөн конкурсанттар сынакка катышууга чакырылат, байланыш телефондорду көрсөтүү керек.

Кабыл алынган документтер кайтарылбайт.