Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде башкы жана улук кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Конкурс 2026-жылдын 9-февралынан 18-февралына чейин өткөрүлөт. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

 

  1. Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
  2. 18 жаштан жаштан жогору;
  3. Соттуулугу жок.

 

Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайыккелүүгө:

Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2)“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”КыргызРеспубликасынын Конституциялык Мыйзамы;

3)Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

4)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КыргызРеспубликасынын Мыйзамы;

5)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларыжөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

8) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

9) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

10) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын3-мартындагы№ 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”КыргызРеспубликасынын Мыйзамы;

3)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө ”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын3-мартындагы№ 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

  1. Башчынын орун басары-жооптуу катчы (Б-А) 1 бирдик. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку кесиптик билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

–мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан

3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5жылдан кем эмес иш стажы.

Профессионалдык компетенциясы

— билүүсү талап:

-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын2- февралындагы ПЖ №25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобо;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын2-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы – адам ресурстарын башкаруу боюнча -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

-билгичтиги:

-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо,мониторинг жүргүзүү, пландоо, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

-өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;

-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

 

– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

көндүмдөрү:

– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди,жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү,мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

2.Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы (У-А), 1-бирдик- Кесиптик билимдин деңгээли:

-экономика жана менеджмент, финансы, салыктар, бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча жогорку кесиптик билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Профессионалдык компетенциясы

билүүсү талап:

-Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;

-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын

2-февралындагы ПЖ №25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө”Жобо;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

жөндөмдөр:

– маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык жана стратегиялык документтерди даярдоо;

-тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

– кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

– коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– жаңы эмгек шарттарына көнүү

көндүмдөр:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; -башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;

-компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу;

  1. Киреше боюнча башкы адис (У-Б), 1-бирдик

Кесиптик билимдин деңгээли:

-экономика жана финансы, юриспруденция, бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча, салыктар жана салык салуу багыттары боюнча жогорку кесиптик билим.

– Иш стажы жана тажрыйбасы:

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйындын стажы 1жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Профессионалдык компетенциясы – билүүсү талап: – Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси;

-Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекси;

-Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттикжана расмий тилдерди;

-жөндөмдөр:

– маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

– кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

– коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – жаңы эмгек шарттарына көнүү; – көндүмдөр:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

-башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;

-компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларгаээ болуу.

 

 

 

 

  1. Социалдык маселелер боюнча башкы адис (У-Б), 1-бирдик)

Кесиптик билимдин деңгээли: – юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча, укуктануу адистиктери боюнча, социалдык илимдер гуманитардык илимдер, педогогикалык билим берүү, табият таануу илимдери багыттары боюнча жогорку кесиптик билим;

-Иш стажы жана тажрыйбасы:

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйындын стажы 1жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Профессионалдык компетенциясы – билүүсү талап:

-“Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамы;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттикжана расмий тилдерди;

-жөндөмдөр: – маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

-кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

-коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-жаңы эмгек шарттарына көнүү

көндүмдөр:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

-башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;

-компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу.

  1. Башкы адис чыгымдар боюнча жана бухгалтер-кассир(У-Б), 1-бирдик

Кесиптик билимдин деңгээли:

-экономика жана финансы, юриспруденция, менеджмент, бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча, салыктар жана салык салуу багыттары боюнча жогорку кесиптик билим. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Профессионалдык компетенциясы

билүүсү талап:

-Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;

-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

жөндөмдөр:

-маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

-кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

-коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-жаңы эмгек шарттарына көнүү;

 көндүмдөр:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикадаколдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; – башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;

-компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу.

 

Конкурска катышууну каалаган талапкерлер арызды электрондук форматта «e-Kyzmat» мамлекеттик порталынын https://kyzmat.gov.kg/ru дарегиндеги жеке кабинети аркылуу тапшыра алышат.

Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген документтер) тиркелет:

– жеке арыз;

-сүрөтү менен резюме (уюлдук номерин жана эл.почтасын көрсөтүү менен);

-өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – нотариалдык күбөлөндүрүлгөн диплом жана кошумча билимин тастыктаган дипломунун (бар болсо) көчүрмөлөрү;

-нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);

-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

-паспорттун көчүрмөсү.

Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн баштап

10 жумушчу күндүн ичинде 2026-жылдын 9-февралынан

18-февралына чейин саат 8-30 дан 17:30: Сурап билүү телефондор: (03134) 59705.