Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтү

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде кенже кызмат орундарынын топуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) 18 жаштан жаш болбоого;

3) Соттуулугу жок;

Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө:

Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары учун жалпы мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

Административдик муниципалдык кенже кызмат тобунун квалификациялык талаптар ( турак жай коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адис К-А, 1-бирдик).

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:
    • экономика юриспруденция жана өзгөчө кырдаалдар багыттары боюнча жогорку же орто кесиптик билими.
  2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт.

  1. Профессионалдык компетенциясы

—  билүүсү талап:

Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын турак жай жөнүндөгү кодески;

  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
  • билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана /же расмий тилде иштиктүү кат алышуу; командалык иш;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөо жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Административдик муниципалдык кенже кызмат тобунун квалификациялык талаптар (Киреше боюнча адис К-Б, 1-бирдик).

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:
    • экономика жана финансы, юриспруденция, салыктар жана салык салуу багыттары боюнча жогорку же орто кесиптик билими.
  2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт.

  1. Профессионалдык компетенциясы

—  билүүсү талап:

Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы;

  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
  • билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана /же расмий тилде иштиктүү кат алышуу; командалык иш;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөо жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Документтер «Конкурска» деп жазуусу бар папкада жөнөтүлүшү керек.

Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер 2023-жылдын 05декабрьдан 15декабрьга чейин саат 8-30 дан 17:30 га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу керек: Чүй облусу, Сокулук району, Джал айылы, Гагарина көчөсү 6А, Орок айыл өкмөтүнүн имараты, 7 кабинет.

Сурап билүү телефондор: (03134) 70-277