Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү Кант шаары, Абдраимов көчөсү № 79. | |
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү максатында 2024-жылдын 29-июлунан тартып 2024-жылдын 10-августуна чейин мамлекеттик административдик кызмат орундарына талап кылган тиешелүү квалификациялык талаптарга туура келген адамдар үчүн ачык конкурс өткөрөт. | |
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
Административдик кызмат орундарынын улук оруну үчүн жалпы квалификациялык талаптар: 1) кесиптик билимдин деңгээли: -Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: — жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Төмөнкүлөрдү билүү: 1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2)“Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4)“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ; 6)“Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 Токтому. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 3) кесиптик компетенттүүлүгү: — төмөнкүлөрдү билүү: 1) Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августу № 179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; 2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси; 3)“Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; — билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына көнүү; —кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү. көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. |
|
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.“Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: -Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: — иш стажына талап коюлбайт; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: — төмөнкүлөрдү билүү: 1) Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августу № 179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; 2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси; 3)“Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси. билгичтиги: -жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; -документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; -кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; -жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; -мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; -командада иштөө. көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. |
|
3 | Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш: |
— өзүнүн арызы;
-кадрдык өздүк баракча; — резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); — нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; — нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); — илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; — паспорттун көчүрмөсү; -өздүк баракча, 1 сүрөт (3*4) өздүк көктөмгө тиркелүүсү зарыл. |
|
4 | Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду |
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү
Кант шаары, Абдраимов көчөсү № 79. 39-кабинет. Кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 8-январынан тартып 2025-жылдын 20-январынын 17:30 чейин. |