Шамалдуу-Сай шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын ‘’Мамлекеттнк

жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”

мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын

2-февралындагы ПЖ№24 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана

жергиликтуу өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын

жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс

өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобого

ылайык башкы, улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү

үчүн ачык конкурс жарыялайт

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

— жеке арыз;

— резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.

Документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 26-августунан тартып 9-августуна (кошуп эсептегенде) чейин жумуш күндɵрү тɵмɵнкү дарек боюнча жүргүзүлɵт:

 Шамалдуу-Сай шаары, Ленин кɵчɵсү, 28.

 

 

Шамалдуу-Сай шаардык кенеши:

Башкы кызмат орунуна (жооптуу катчы):

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим (“Экономика жана башкаруу”, “Гуманитардык илимдер”, “Табият таануу илимдери”, “Педагогикалык билим берүү”, “Айыл чарба жана айыл чарба илимдери”, “Архитектура жана курулуш”,“Автоматташтыруу жана башкаруу”, “Маданият жана искусство”, “Энергетика жана электротехника”, “Информатика жана эсептөө техникасы”).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана  муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”,  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдетти аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

билгичтиги:

-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

-коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

-өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;

-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

көндүмдөр:

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

 

— жеке арыз;

— резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.

 

Документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 26-февралынан тартып 7-мартына чейин  (кошуп эсептегенде) чейин жумуш күндɵрү тɵмɵнкү дарек боюнча жүргүзүлɵт: Шамалдуу-Сай шаары, Ленин кɵчɵсү, 28.