Шопоков шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде улук жана кенже кызмат тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.
Муниципалдык административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарынын жалпы жобосу
Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
• Кыргыз Республикасынын жараны;
• соттуулугу жок;
• 18 жаштан кем эмес.

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
Билими: Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№3 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.

Каржы-экономикалык секторунун башчысы (У-А), 1- штаттык бирдик

1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– экономика жана менеджмент, финансы, салыктар, бухгалтердик эсеп жана аудит, боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Профессионалдык компетенциясы
— билүүсү талап:
1) Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2- февралындагы ПЖ №25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобо;
5) Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
— жөндөмдөр:
маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык жана стратегиялык документтерди даярдоо;
тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; жаңы эмгек шарттарына көнүү
— көндүмдөр:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;

компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу.

Кирешелер боюнча башкык адис (У-Б), 1- штаттык бирди

1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– экономика жана менеджмент, юриспруденция финансы, салыктар жана салык салуу багыттары, бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Профессионалдык компетенциясы                                                                                                                                                                                                                                                            билүүсү талап
1) Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

2) Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекси;

3) Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
жөндөмдөр:
— маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди даярдоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
— кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
— коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— жаңы эмгек шарттарына көнүү.
көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
— компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу;

Социалдык маселелер жана мамлекеттик тил боюнча башкы адис (У-Б), 1- штаттык бирдик

1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Профессионалдык компетенциясы
— билүүсү талап:
1) “Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамы.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.
жөндөмдөр:
— маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
— кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
— коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— жаңы эмгек шарттарына көнүү.
көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
— компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу.

Юрист, инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис (У-Б) 1- штаттык бирдик

1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку юридикалык билим;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Профессионалдык компетенциясы
— билүүсү талап:
1) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
жөндөмдөрү:
— жогору турган жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана /же расмий тилде иштиктүү кат алышуу; командалык иш;
көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөо жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Кенже категориядагы административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:
Билими: кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

Коомдук тартип, пробация жана аскердик милдеттер боюнча адис (К-Б) 1 – штаттык бирдик
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку же орто кесиптик билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— Иш стажысына талаптар коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— билүүсү талап:
1) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” Мыйзамы
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10- августундагы “Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №509 токтому
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билуу;
билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктуу кат алышуу;
— командада иштөө:
көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштее жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билуу.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкүдөй документтер тапшырылат, алар милдеттүү түрдө (Дело №) төмөнкү ырааттуулукта берилет:
• муниципалдык кызматтын тобун көрсөтүү менен жеке арыз;
• кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
• 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт;
• резюме (электрондук почтаны көрсөтүү, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
• нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
• нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болгондо);
• илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
• өмүр баян;
• паспорттун көчүрмөсү.
Сынакка катышуу үчүн бардык талапкерлер документтерин өз убагында тапшырышы керек.

2025-жылдын 25-мартынан 2025-жылдын 07-апрелине саат 8-30 дан 17-30 га чейин. Чүй облусу, Сокулук району, Шопоков шаары, Ленин көчөсү №21, Шопоков шаарынын мэриясынын дарегине кайрылыңыз, телефон: (0-3134) 5-81-81
Эскертүү: Бардык квалификациялык талаптардан өткөн конкурсанттар сынакка катышууга чакырылат, байланыш телефондорун көрсөтүшүңүз керек. Кабыл алынган документтер кайтарылбайт.