Шопоков шаарынын мэриясынын кадрлар резервинин конкурсуна:
Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн
коюлган квалификациялык талаптар:
Өнөр жай жана социалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы
(У-А):
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
– экономика жана менеджмент, финансы, салыктар, бухгалтердик эсеп
жана аудит, техникалык илим боюнча жогорку кесиптик билим.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3
жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем
эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар
жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-
жылдын 31-майындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика Кодексин
бекитүү тууралуу” № 171 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө
муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын “Үйбүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз
Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз
Республикасынын Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан
тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамы;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө
мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.
Финансы-экономикалык секторунун башчысы (Улук кызмат С-А)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— экономика жана финансы, салыктар боюнча багыттагы жогорку
билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же
муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем
эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү:
— КР Конституциясы, КР Эмгек Кодекси, КР “Бюджеттик
Кодекси”, КР “Салык Кодекси”, КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы,
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө”, КР “Коррупцияга каршы күрөшүү
жөнүндө” мыйзамы.
Киреше боюнча башкы адис (Улук кызмат С-Б);
1) Кесиптик билим деңгээли:
— төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку кесиптик билими: Экономика жана
башкаруу, финансы, юриспруденция, салык жана салык салуу багытындагы.
2) Стажы жана иш тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык
кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү:
— КР Конституциясы, КР Эмгек Кодекси, КР “Бюджеттик
Кодекси”, КР “Салык Кодекси”, Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес
кирешелер жѳнүндѳ» Кодекси, КР “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”
мыйзамы.
Чыгаша боюнча башкы адис (Улук кызмат С-Б)
1) Кесиптик билим деңгээли:
— кесиптик багыты боюнча жогорку билим
2) Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1
жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес
иш стажы;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө
Мыйзамы, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы, КР
“Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамы.
Жер суроолор жана муниципалдык менчик боюнча башкы адис
(Улук кызмат С-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш,
топурак таануу, картография, агрономия, айыл чарба, зоотехника,
юриспруденция багыттары боюнча жогорку билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же
муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем
эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз
Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”
мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө”, КР “Коррупцияга каршы күрөшүү
жөнүндө” мыйзамы.
Социалдык маселелер жана мамлекеттик тил боюнча башкы адис
(Улук кызмат С-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт)
боюнча жогорку билим (гуманитардык, социалдык, мамлекеттик
муниципалдык башкаруу багыттары боюнча жогорку билим).
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же
муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем
эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө”, КР “Коррупцияга каршы күрөшүү
жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз
Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамы.
Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн
коюлган квалификациялык талаптар.
Юрист, инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик сатып
алуулар боюнча жетектөөчү адис (Кенже кызмат М-А)
1)Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку же орто кесиптик юридикалык билими;
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3) Профессионалдык компетенциясы төмөнкүлөрдү билүүсү талап:
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мүлккө
муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө
мамлекеттик жана расмий тилдерди;
Коомдук саламаттыкты сактоо жана билим берүү боюнча
жетектөөчү адис (К-А), 1- штаттык бирдик
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– гуманитардык, педагогикалык жогорку же орто кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3.Профессионалдык компетенциясы төмөнкүлөрдү билүүсү талап:
“Кыргыз Республикасынын “Билим берүү” Мыйзамы; Кыргыз
Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын
укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз
Республикасынын Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан
тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамы;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө
мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
Жаштар саясаты, спорт, турак-жай коммуналдык чарба жана
өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адис (К-А), 1- штаттык бирдик
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— гуманитардык, педагогикалык жогорку же орто кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Профессионалдык компетенциясы төмөнкүлөрдү билүүсү талап:
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар
жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “ Сатып алуулар жөнүндө”
мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жаштар саясатынын
негиздери жөнүндө” мыйзамы,
— кызматтык милдеттерди аткаруу учун зарыл болгон келемде
мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
Коомдук тартип, пробация жана аскердик милдеттер боюнча
адис (К-Б) 1 – штаттык бирдик
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— гуманитардык, педагогикалык жогорку же орто кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Профессионалдык компетенциясы төмөнкүлөрдү билүүсү талап:
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын
жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик
кызматтар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-
жылдын 10-августу № 509 “Аскерге милдеттүүлөрдү жана
чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону
бекитуу тууралуу” токтому.
— кызматтык милдеттерди аткаруу учун зарыл болгон көлөмдө
мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
Иш кагаздарын жүргүзүү, уюштуруу жана маалымат боюнча адис
(К-Б) 1- штаттык бирдик
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— гуманитардык, педагогикалык жогорку же орто кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Профессионалдык компетенциясы төмөнкүлөрдү билүүсү талап:
«Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы, «Электрондук кол тамга жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө
мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү
квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) 18 жаштан жаштан жогору;
3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык
келүүгө;
4) соттулугу жок.
Сынакка катышуу үчүн керектелүүчү документтер:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал
(соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги
жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек
китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө
документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана
маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол
берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди 2024-жылдын
24-майынан 7-июнуна чейин саат 9-00 дан 17:00 гө чейин тапшыруу керек.
Дареги: Чүй облусу, Сокулук району, Шопоков шаары, Ленин көчөсү
№21, Шопоков шаарынын мэриясынын административдик имараты.
Телефон: 0 (3134) 5-84-30