Шопоков шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”
Мыйзамынын негизинде улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна
кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.
Муниципалдык административдик кызмат орундарынын
топторуна типтүү квалификациялык талаптарынын жалпы жобосу
1. Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
• Кыргыз Республикасынын жараны;
• соттуулугу жок;
• 18 жаштан кем эмес.
Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат
орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
Билими: Улук административдик муниципалдык кызмат
орундары үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо
тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№3 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын
жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Чыгымдар боюнча башкы адис (У-Б), 1- штаттык бирдик
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– экономика жана менеджмент, финансы, салыктар, юрист,
бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1
жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес
иш стажы.
3. Профессионалдык компетенциясы
— билүүсү талап:
1) Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар
жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”
Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-
февралындагы ПЖ №25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн
кызматтык маянасына пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик
кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө”
жобо;
Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат
орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
Билими: Улук административдик муниципалдык кызмат
орундары үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
Жаштар саясаты, спорт, турак-жай коммуналдык чарба жана
өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адис (К-А), 1- штаттык бирдик
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку же орто кесиптик билим.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Иш стажысына талаптар коюлбайт.
3) Профессионалдык компетенциясы
билүүсү талап:
1) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында
инвестициялар жөнүндө” мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын “ Сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жаштар саясатынын
негиздери жөнүндө” мыйзамы,
Катышуу үчүн төмөнкүдөй документтер тапшырылат, алар милдеттүү
түрдө (Дело №) төмөнкү ырааттуулукта берилет:
муниципалдык кызматтын тобун көрсөтүү менен жеке арыз;
резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), резюме (соттуулугу бар
же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги
жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин
көчүрмөлөрү;
нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек
китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болгондо);
илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө
документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
паспорттун көчүрмөсү.
Сынакка катышуу үчүн бардык талапкерлер документтерин өз
убагында тапшырышы керек
2024-жылдын 23-июлунан 2024-жылдын 5-августу саат 8-30 дан 17-
30 га чейин. Чүй облусу, Сокулук району, Шопоков шаары, Ленин көчөсү №21,
Шопоков шаарынын мэриясынын дарегине кайрылыңыз, телефон: (0-3134) 5-
81-81
Эскертүү: Бардык квалификациялык талаптардан өткөн
конкурсанттар сынакка катышууга чакырылат, байланыш телефондорун
көрсөтүшүңүз керек. Кабыл алынган документтер кайтарылбайт.