Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 10,12 – беренелеринин негизинде, кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн Шопоков шаарынын мэриясы ачык сынак жарыялайт. Шопоков шаарынын мэриясынын кадрлар резервинин конкурсуна: Талапкерлер админитсративдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы коюлган квалификациялык талаптарга шайкеш келиш керек: – Кыргыз Республикасынын жараны болууга; – 18 жаштан жогору; – Соттулугу жок. Иш кагаздарын жүргүзүү, уюштуруу жана маалымат боюнча адиси – (К-Б) 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку же орто кесиптик билими; 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талаптар коюлбайт. Сынака катышуу үчүн керектелүүчү документтер: – Өзүнүн арызы; – Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү; – Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт). Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди 2024-жылдын 17 – апрелинен баштап 30- апрелине чейин саат 9:00дон 17:00го чейин тапшыруу керек. Дареги: Чүй облусу, Сокулук району, Шопоков шаары, Ленин көчөсү №21, Шопоков шаарынын мэриясынын административдик имараты. Телефон: 0 (3134) 5-84-30 Жазуулар боюнча багыттоо Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы Жайыл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы