Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы №125
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”
Мыйзамынын 10,12 – беренелеринин негизинде, кенже кызмат орундарынын
топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн Шопоков шаарынын мэриясы
ачык сынак жарыялайт.
Шопоков шаарынын мэриясынын кадрлар резервинин конкурсуна:
Талапкерлер админитсративдик муниципалдык кызмат орундары
үчүн жалпы коюлган квалификациялык талаптарга шайкеш келиш
керек:
— Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
— 18 жаштан жогору;
— Соттулугу жок.
Иш кагаздарын жүргүзүү, уюштуруу жана маалымат боюнча адиси
– (К-Б)
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку же орто кесиптик билими;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
Сынака катышуу үчүн керектелүүчү документтер:
— Өзүнүн арызы;
— Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал
(соттулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү
менен);
— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн
негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин
көчүрмөсү;
— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн
эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу
жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде
көрсөтүлөт).
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана
маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол
берилбейт. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди
2024-жылдын 17 – апрелинен баштап 30- апрелине чейин саат 9:00дон
17:00го чейин тапшыруу керек.
Дареги: Чүй облусу, Сокулук району, Шопоков шаары, Ленин көчөсү
№21, Шопоков шаарынын мэриясынын административдик имараты.
Телефон: 0 (3134) 5-84-30