ЖАРЫЯ
1 | Мамлекеттик органдын аталышы жана юридикалык дареги |
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү
Кант шаары, Абдраимов көчөсү №79 |
|
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2025-жылдын 18-апрелинен тартып 2025-жылдын 28-апрелине чейин мамлекеттик административдик кызмат орундарына талап кылган тиешелүү квалификациялык талаптарга туура келген адамдар үчүн ачык конкурс өткөрөт. | |
2. | Кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар |
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.“Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: -Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: — иш стажына талап коюлбайт; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: — төмөнкүлөрдү билүү: 1) Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы; 2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси; 3)“Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси. билгичтиги: -жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; -документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; -кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; -жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; -мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; -командада иштөө. көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. |
|
3 | Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш: |
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); — нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; — нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); — илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; — паспорттун көчүрмөсү; -өздүк баракча, 1 сүрөт (3*4) — скоросшиватель. |
|
4 | Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду |
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү
Кант шаары, Абдраимов көчөсү №79,1-кабат 39-кабинет Кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 18-апрелинен тартып 2025-жылдын 28-апрелине чейин. |